Бүгүн 10 жашка толмок. Аквапаркта көз жумган окуучунун иши боюнча тергөө уланууда
Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы журналисттерге «Ала-Тоо» аквапаркында каза болгон баланын өлүмү боюнча иликтөө иштери уланып жатканын билдирди. Милиция эскерткендей, козголгон кылмыш ишинин алкагында экспертизалар дайындалып, жыйынтыгы даяр боло элек.
Ал эми бүгүн, 12-июлда каза болгон Атай 10 жашка чыкмак. "Балам, туулган күнүң менен. Бүгүн сен 10 жашка толмоксуң", - деп жазды баланын апасы Асель Азыкова.
6-июнь күнү Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/bishkekte-3-klasstyn-okuuchusu-ala-too-akvaparkka-chogyp-kaza-boldu/">каза болгон. Бул факты милицияга каттоого алынып, 2 берене боюнча кылмыш иши козголгон.