Royal
SerepTV Logo

"Буту, колу чыгып калган". Унаанын багажына мас абалындагы тууганын салып алган айдоочуга айып салынды (видео)

"Буту, колу чыгып калган". Унаанын багажына мас абалындагы тууганын салып алган айдоочуга айып салынды (видео)
Кайгуул кызматкерлери авто ээнбаштык кылган айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Социалдык тармактарда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын багажына белгисиз жаранды салып, буту көрүнүп, колу чыккан абалда унаа жүрүп бара жаткандыгы боюнча видео тасма жарык көргөн. Бул видео  чыгар замат кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, изи суй электе Ош базарынан жогорудагы унааны табышкан. Тактоо учурунда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын 2001-жылы туулган айдоочусу өз сөзүндө унаанын багажындагы жаран тууган агасы экендиги жана мас абалында болгондугун айтып, унаага батпай, өзүнүн макулдугу менен унаанын багажына салып, Ала-Арча эс алуучу жайынан шаарга алып келип жаткандыгын билдирген. Бул көрүнүш мыйзамга туура келбегендиктен кайгуул кызматкерлери тарабынан айдоочуга карата ээнбаштык жасагандыгы жана айдоо учурунда айдоочулук күбөлүгү жок болгондугу үчүн, эки протокол толтурулуп, 8 миң 500 сом айып салуу менен унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген. Кайгуул кызматы айрым айдоочуларга мындай терс көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырат.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 
target="_blank" rel="noopener noreferrer">Публикация от УПСМ г.Бишкек (@upsm_kg)

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

09:44 04.05.2026

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Минкаб башчысы Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшүнө байланыштуу кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

10:03 04.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Баткенде сел: Тургундар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал киргизилди

05:16 03.05.2026