SerepTV Logo

БШКнын алдында 7 партиянын митинги өттү

БШКнын алдында 7 партиянын митинги өттү
Бүгүн, 22-апрелде БШКнын алдына Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары менен макул болбогон партиялардын өкүлдөрү митингге чыгышты. Чогулгандардын арасында «Улуу журт», «Кыргызстан коммунисттер партиясы», «Улутман», «Бүтүн Кыргызстан", «Тынчтык», «Айкөл Кыргызстан» жана «Бийлик элге» партияларынын мүчөлөрү бар. Митингдин башында «Кыргызстан коммунисттер партиясынын» өкүлү Амантур Манапбаев Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылды. «Улуу журт» партиясынын мүчөсү Анарбек Катаганов шайлоодо мыйзам бузуулар орун алганын, добуш сатылганын айтты. Ал Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону дагы жокко чыгарууну талап кылды. Ал эми «Бийлик элге» партиясынын саясий кеңешинин төрагасы Калдан Эрназарова шаардык кеңешке олигархтар өткөнүн белгиледи.