Royal
SerepTV Logo

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттерин кандай унаалар менен тосуп алышты?

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттерин кандай унаалар менен тосуп алышты?

21-июлда Чолпон-Ата шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров чогулду. 

Президенттерди кандай унаалар менен тосуп алышты?

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 20-июлда Кыргызстанга келди. Аны Mercedes Benz S-Class үлгүсүндөгү унаа менен тосуп алышкан. Mercedes Benz S-Class үлгүсүндөгү унаанын баасы болжол менен 6,5 миллион сомду же андан жогору турат.

https://serep.kg/wp-content/uploads/2022/07/1400035.eedfe5e1ffef03172c12a7b8c77f6b71.jpg" alt="" width="1000" height="666" />

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 20-июлда келди. Аны Mercedes Benz S-Класстагы унаасы менен тосуп алышкан. 2017-жылы чыгарылган Mercedes Benz S 600 6,5 миллион сомго жакын же андан жогору баада турат.

https://serep.kg/wp-content/uploads/2022/07/1400036.fbaa8f52fbc5c57597f03f9432b474ba.jpg" alt="" width="1000" height="666" />

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга 21-июлда келди. Аны Mercedes Benz S-Класс унаасы менен тосуп алышкан. 2017-жылкы жаңы Mercedes Benz S 600 унаасынын баасы 6,5 миллион сомдон же андан да кымбат.

https://serep.kg/wp-content/uploads/2022/07/1400044.1eca77e12423a0918c3976965e77e12b.jpg" alt="" width="1000" height="666" />

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга 21-июлда келди. Аны түркмөн номерлүү ак брондолгон Гелендваген менен тосуп алышкан. Мындай унаанын баасы болжол менен 40 миллион сомдон ашат.

https://serep.kg/wp-content/uploads/2022/07/1400046.e52452af44ab52977ba57fbb5e86e14e.jpg" alt="" width="1000" height="666" />