Abank
SerepTV Logo

Боомдо ылай суу кечип, жол кыймылын көзөмөлдөгөн жол тескөөчү кол саат менен сыйланды (сүрөт)

Боомдо ылай суу кечип, жол кыймылын көзөмөлдөгөн жол тескөөчү кол саат менен сыйланды (сүрөт)
5-август күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 135-136 чакырымында тактап айтканда, Боом капчыгайында сел жүргөн. Кесепетинен жол эки тараптуу жабылган. Соцтармак колдонуучулары тизесине чейин ылайга батып, жол кыймылын көзөмөлдөгөн жол тескөөчүнүн видеосу менен бөлүшүшкөн. Бүгүн, 9-августта Чүй ОИИБ боюнча ЖКККБнын жетекчилиги милициянын прапорщиги Бейшенбаев Жалалидин Үметбековичке ыраазычылык билдирип, куттуктоо сөздөрүн айтышып, кол саат менен сыйлашты. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="130782,130781,130783,130784"]