Боом капчыгайындагы селден бузулбай сакталып калган мечитте куран окулду (сүрөт)
Боом капчыгайында ата-бабалардын рухуна багышталып куран окулду. Бул тууралуу Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
"Быйыл Боом капчыгайында бир нече жолу сел каптап, айдоочу, жүргүнчүлөрдү бир топ ыңгайсыздыкка салды. Бактыга жараша, эч кандай адам өлүмү катталган жок. Боролдой үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Бекмырза Белекович жана эмгек жамааты демилге көтөрүп, куран окутуп, селдин кесепетин жоюу үчүн иштеп жаткандарга тамагын уюштурушту",- деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="131300,131301,131302,131303,131304"]