"Бизге Бурулайдын өлүмү сабак болбоптур". Депутат Кыргызстандын мырзаларына кайрылды
Бизге Бурулайдын өлүмү сабак болбоптур. Мындай пикирин бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев билдирди.
Ал Кыргызстандын мырзаларына кайрылды.
"Баарыбызда эже-карындаш бар. Кыз бар. Качан биз кыздарды сыйлаганды үйрөнөбүз?", - деди ал.
Мындан тышкары ал кесиптештерине кайрылып, мыйзам иштебей жатканын айтып, мыйзамды күчтөнтүүгө чакырды.
"Бир эле ала качкан эмес. Анын жанында жүрүп, ала качууга жардам бергендер да жазасын алышы керек. Бардык жарандар бирдей жазага тартылышы зарыл. Биз буга чекит коюшубуз керек. Бул окуяны мындай болот деп эч ким күткөн эмес. Эки күн мурда көрдүк ала качып кетип жаткан видеосун. Кечээ өлүгү табылды. ИИМдин күнөөсү да бар. Эмне үчүн 2 күн табышкан жок?", - деди ал.