Бишкектин айрым райондоруна жаратылыш газын берүү 3 күнгө токтотулат
Бишкектин айрым райондорунда 3 күн жаратылыш газы болбойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул «Газпром Кыргызстан» компаниясы «Алтын-Ордо» конушуна газ өткөрүп жатканы менен байланыштуу. 19-апрелден 21-апрелге чейин төмөнкү райондордо жаратылыш газы болбойт: Путепроводная – Чыгыш чоң Чүй каналы, Виноградная көчөсү–М. Ауэзов көчөсү, «Тунгуч» кичирайону. Ошондой эле REEMSTMA, «Алтын-Ажыдаар», «Курулуш материалдар комбинаты», «Пекарня», «Жанар» ишканаларына газ берүү 3 күн үзгүлтүккө учурайт.