Бишкектен Санкт-Петербург шаарына авиакаттам көбөйдү
«Манас» эл аралык аэропортунан Санкт-Петербург шаарына кошумча каттамдар ачылды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан маалымдашты.
«Урал аба жолдору» авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды шейшемби жана шаршемби күндөрү аткарып жатат. Ошондой эле Бишкек - Санкт-Петербург - Бишкек багыты боюнча авиакаттамдарды «АвиаТраффикКомпани» компаниясы да жумасына бир жолу (ишемби күнү) аткарып келет.