Royal
SerepTV Logo

Бишкектеги ооруканага 15 күндүн ичинде 3 бала калем саптын башын жутуп түшкөн

Бишкектеги ооруканага 15 күндүн ичинде 3 бала калем саптын башын жутуп түшкөн
Бишкектеги балдар ооруканасына 15 күндүн ичинде үч бала калем саптын башын жутуп түшкөн. Бул тууралуу балдар хирургу Калыбек Мыкыев жазды. "Ата-энелер балдарыңарга көз салсаңар. Тамак-аштан башка балдар ооздоруна ар кандай нерселерди салып чайнашат, сорушат. 15 күндүн эле ичинде 3 калем саптын өпкөсүнө жутуп келишти. Алып чыгыш оңойго турбайт, бирөөнү бүгүн өпкөсүн кесип издеп араңдан зорго таптык. Көз салсаңар балдарыңарга. Көпкө чайнагандан жалпайып кеткен",- деп жазды ал.