Бишкектеги кайсы мектептер онлайн окууга өттү?
4-майга карата Бишкектеги №66, №93 мектептер онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Учурда №61, №70, №6, №11, №12, №65, №33, №62, №64 жана №88 мектептер карантинде. Мындан тышкары 32 класс аралыктан окуп жатат.
Эске салсак, буга чейин 6 - №26, №63, №17, №35, №67 жана №24 шаардык мектеп карантинден чыгып, салттуу окууга өтүшкөн эле.