Royal
SerepTV Logo

Бишкектеги Ботаникалык бакта 27 жаштагы жигит өз жанын кыймак болгон

Бишкектеги Ботаникалык бакта 27 жаштагы жигит өз жанын кыймак болгон
Бишкек ШИИБдин кызматкерлери өз жанын кыюу аракетин алдын алышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 8-мартта Октябрь РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек ШИИБдин МККК полкунун 3-ротасынын милиционери билдирме менен кайрылган. Аталган күнү саат 18:17 чамасында Ботаникалык бактын аймагында жөө күзөт учурунда дарактан белгисиз жаранды алдын алдын ала даярдалган илмек менен көрүшкөн. Ошол эле заматта милиция кызматкерлери дароо сүйлөшүү жолуна киришип, анын жүрүшүндө адамды өз өмүрүнө кол салуудан алдын алышып, жерге түшүрүшкөн. Андан соң өздүгү такталып, ал 1997-жылы туулган жаран экени аныкталып, жагдайдын чоо-жайын тактоо үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген.