Бишкекте эшиги жабылып калган батирден 80 жаштагы пенсионердин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Патрис Лумумба көчөсүндө жайгашкан батирдин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен 80 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген. Эшикти ачууга Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.