SerepTV Logo

Бишкектеги 9 шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды

Бишкектеги 9 шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды
Кыргызстанда жергиликтүү шайлоодо тилкеден сырткары берилген жүздөгөн добуштар жокко чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти. БШКнын маалыматына караганда, 10-14-апрелде шайлоочулардан, саясий партиялардан жана “Жалпы иш”, “Клооп медиа” уюмдарынан Бишкек боюнча 54 арыз-даттануу түшкөн. Алардын негизинде № 1023, 1028, 1029, 1036, 1309, 1311, 1312 шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Мындан тышкары, участкалык шайлоо комиссиялары тилкеден тышкары добуш берүү жүргөн №1051, №1157 шайлоо тилкелериндеги  добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарган. Азыр Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы жогорудагы эки уюмдан жана «Айкөл Кыргызстан», «Реформа», «Ыйман Нуру», «Социал-демократтар», «Патриот» саясий партияларынан келип түшкөн 21 даттанууну териштирип жатат. 11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланды.
edita