SerepTV Logo

Бишкекте велосипедчен кызды өлтүрө сүзүп кеткен КамАЗдын айдоочусу кармалды

Бишкекте велосипедчен кызды өлтүрө сүзүп кеткен КамАЗдын айдоочусу кармалды
Бишкекте жүк ташуучу унаа сүзгөн кыз көз жумган.  Кырсык 28-июнда саат 20:20 чамасында болгон. Бишкек шаарындагы Ак-Ордо жаңы конушунда айдоочу КамАЗ үлгүсүндөгү унаасы менен Чубак ажы көчөсүнөн Заирбек баатыр көчөсүнө бурулуп жаткан учурда жөө өтмөктө велосипед тээп бара жаткан өспүрүмдү сүзүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 2017-жылы туулган кыз окуя болгон жерде каза болгон. 1984-жылы туулган айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, алардын жыйынтыгы боюнча укуктук баа берилет. Тергөө иштери улантылууда.
edita