SerepTV Logo

Бишкекте сутка ичинде 117 адамдан вирус аныкталды

Бишкекте сутка ичинде 117 адамдан вирус аныкталды
Бишкекте сутка ичинде коронавирус жуктурган 117 адам аныкталды. Бул тууралуу баш калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифингде билдирди. Анын айтымында, ооруп калгандардын 102си Бишкек шаарынын тургундары. Илдет Октябрь районунда 43 тургундан, Биринчи май районунда 21, Ленин районунда 20, Свердлов районунда 18 адамдан аныкталган. Дагы 15 адам - баш калаага башка аймактардан келген коноктор. Рыскулбекова 32 адам ооруканага жаткырылып, 85 адам үй шартында дарыланып жатканын билдирди.
Unknown Author