Бишкекте полу тешилген троллейбус каттамдан алынды. Айдоочуга сөгүш берилди
Бишкекте полу тешилген №2 троллейбустук каттамдагы троллейбус убактылуу линиядан чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгынан билдиришти.
«Полдун тешиги жана ичинин кирин жоюу боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө. Убактылуу ыңгайсыздык үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайбыз», - деп айтылат маалыматта.
Айдоочуга санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн сөгүш жарыяланган.