Royal
SerepTV Logo

"Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт". 10-августта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

"Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт". 10-августта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 10-августта Ысык-Көл, Чүй облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +27…+32, Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35, Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29, Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +29…+31 градус болот.