Бишкекте мото кайгуул ишке киришти
Бишкекте шаардыктардын жана шаарга келген коноктордун, туристтердин коопсуздугун камсыздоо максатында мото кайгуул кызмат көрсөтүп баштады. Буга чейин жөө кайгуул жана авто кайгуул бөлүнгөн аймактарда коопсуздукка көзөмөл жүргүзүп келген.
Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, мото кайгуул автоунаа кирбеген парктарга, шаардыктар эс алуучу жайларга чейин кирип, коопсуздук үчүн болгон чараларды көрүшөт.
«Ошондой эле ар кандай кырдаалга жараша кылмышка шектүү жарандар көп кабаттуу үйлөрдүн ичине кире качкан учурда аларды артынан кууп, изи сууй электе кармаганга да жардамы тиет.
Мото кайгуулда жөө кайгуул жана авто кайгуул сыяктуу эле бардык мүмкүнчүлүктөр болот. Демек, жол эрежесин бузган автоунааны токтотуп, тийиштүү протоколдорду түзө алат. Ошондой эле мото кайгуулда электрондук планшет, рация сыяктуу бардык атайын техникалык каражаттар орнотулган», - деп айтылдат билдирүүдө.
Милициянын кайгуул кызматынын туристтик ротасында атайын атчан взвод да бар. Ал массалык баш аламандык учурунда коомдук коопсуздукту камсыздап, автоунаа кирбеген парктарда жана эс алуучу жайларда жана туристтер келген учурларда тоолордо, токойлордо алардын коопсуздугу үчүн кызмат кылат.