Бишкекте маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды
Бишкекте бардык маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, бардык оюн-зоок жайларына, ири спорттук мекемелерге, китепканаларга жана музейлерге элдин топтолушуна алып келген иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынганы тууралуу билдирме берилди. Бул шаарда эпидемиологиялык абал жакшыргыча сакталат.