SerepTV Logo

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 54 жаштагы киши түтүнгө ууланды

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 54 жаштагы киши түтүнгө ууланды

Бишкек шаарынын Октябрь районунун Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 2-кабатында электр калканынан чыккан өрт саат 13:19да толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылган. Өрттүн кесепетинен 54 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланып, Тез жардам кызматы тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Абалы жакшы.