Royal
SerepTV Logo

Бишкекте көп кабаттуу имарат буздурулуп жатат (сүрөт)

Бишкекте көп кабаттуу имарат буздурулуп жатат (сүрөт)
9-апрелде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан Власова 59 дарегинде жайгашкан мыйзамсыз курулуш объектиси буздурулду. Буздуруу иштерине Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, директордун орун басары Бакай Турдугулов жана Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын жетекчиси Эрназарбек Суеркулов катышты. Нурдан Орунтаев өз сөзүндө: "Курулуш тармагында иш алып барган ар бир жеке компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишмердүүлүк жүргүзүүсү зарыл. Баары бирдей мыйзамга баш ийүү менен, жашоочулардын укуктары эске алынып, жалпы инфраструктуралык эрежелер сакталышы керек. Мамкурулуш агенттиги мыйзамдуу иш алып барам деген ишкерлерди ар дайым колдоого алат", - деди. Бул объект тийиштүү уруксат кагаздары жок 2016-жылы курулуп баштаган, Мамкурулуш тарабынан анын мыйзамсыз экенин аныкталып, Биринчи Май райондук сотуна доо арызы менен кайрылган. Биринчи Май сотунун 2022-жылдын 28-январындагы сырттан чыгаруу чечими менен доо толугу менен канааттандырылып, анын чечиминин негизинде 2 кабаттуу курулуш объектиси буздурулду.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

target="_blank" rel="noopener noreferrer">Публикация от Госстрой Кыргызстан (@gosstroykg)

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

09:44 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Минкаб башчысы Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшүнө байланыштуу кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

10:03 04.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Баткенде сел: Тургундар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал киргизилди

05:16 03.05.2026

Минкаб башчысы Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшүнө байланыштуу кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

10:03 04.05.2026

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

09:44 04.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026