Royal
SerepTV Logo

Бишкекте кайненеси алып кеткен балдар келинге кайтарылды

Бишкекте кайненеси алып кеткен балдар келинге кайтарылды
Акыйкатчы институтуна келин кайрылып, кайненеси жашы жете элек балдарын ага билгизбей жана макулдугусуз алып кеткенин билдирген. Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдиргендей, 8-июнда Акыйкатчынын өкүлүнүн катышуусунда келиндин жашы жете элек балдарынын иши боюнча комиссиянын жыйыны өтүп, анын чечими менен балдар Балдарды социалдык адаптациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылган.
22-июнунда Акыйкатчы институту тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Балдар иштери боюнча комиссиясынын төрайымы Рыспаевага кат жолдонуп, ага ылайык комиссияга төмөнкү сунуштар берилген:
– Келиндин жашы жете элек балдарына альтернативдүү психологиялык экспертиза жүргүзүү;
- балдарды мыйзамдуу өкүлүнө - энесине кайтарып берүү;
- жарандын жана анын балдарын жашаган жери боюнча учётко алуу.
Акыйкатчы институтунун бул сунуштарын комиссия эске алып, КДКнын 24-июнундагы токтомуна ылайык, балдар мыйзамдуу өкүлү - энесине өткөрүп берилет.