Бишкекте "Кадастр" ишканасынын жетекчисине каршы митинг болуп өттү
Айыл чарба министрлигинин алдында “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине нааразы болгондор митинг уюштурушту.
Алардын айтымында, “Кадастрдын” Бишкектеги жетекчиси кызматтан кетиши керек.
«19-мартта бир топ куруучулар премьер-министр Улукбек Мариповго жолугуп, мамлекеттик ишкананын кызматкерлеринин иш-аракеттерин айтып бергенбиз, натыйжада биз жабыр тарттык. Ал жерде башаламандык болуп жатат. Кимдир бирөө кызыл китеп ала албайт, бир эле жер тилкенин эки ээси бар. Биз Бишкек “Кадастрындагы” жетекчилерди кызматтан кетирүүнү талап кылабыз. Айыл чарба министри Болотбек Берикбаевди (Мамлекеттик ишкананын директору) ээлеген кызматынан бошотууга убада берген. Митингге чыккандар департаменттин залында жооп күтүп жатышат",- дешти алар.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="39544,39545"]