Бишкекте жүргүнчүлөрдү жолдун ортосунда түшүргөн автобус айдоочунун видеосу тарады
Социалдык тармактын колдонуучулары троллейбусту жөөлөй токтоп, жүргүнчүлөрдү жолдун ортосунда түшүргөн автобус айдоочунун видеосу менен бөлүшүп жатышат. Видеонун автору "адам өмүрү оюнчук эмес" дейт.
Милициянын кайгуул кызматы маалымат таратып, жол кыймылынын эрежелерин, лицензиялык талаптарды жана жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин сактоо боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун айдоочулары менен профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп жатканын билдиришти.
data-instgrm-version="14">
Посмотреть эту публикацию в Instagram