Abank
SerepTV Logo

Бишкекте жаранды бычак менен коркутуп, кымбат сааттарын тартып алган шектүү кармалды

Бишкекте жаранды бычак менен коркутуп, кымбат сааттарын тартып алган шектүү кармалды
Милиция тарабынан каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 18-мартта Октябрь РИИБге жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 12:50 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин алдынан бычак менен коркутуп, көзүнө баллондогу газ чачып, 3 даана "Чайка" кол саатын тартып кеткенин билдирген. Келтирилген чыгым 400 миң сомду түзгөн. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1989-жылы туулган жаран кармалган. Ал соттук чечими менен СИЗО-1ге камакка алынган.