Бишкекте жаран көчөдө калганын, Ошко кете албай жатканын айтты (видео)
Владимир Цай аттуу социалдык тармактын колдонуучусу видео менен бөлүшүп, Бишкекте эркек киши ээн калган үйдө жашап жатканын айтып чыкты.
"Сорока көлүнүн жээгиндеги ээн калган үйдө Жолболду Маматкулов аттуу жаран 1 айдан бери жашап жатат", - деп жазды ал. Ал эми видеодогу жаран Өзгөн районунун Кураш айылынан экенин, Бишкектеги Карл Маркс көчөсүндө жашап келгенин, жубайы үйүн сатып, Орусияга кетип калганын айтып берет. Ал Ошко кетүү үчүн 2 миң сому жок болуп жатканын айтып, ал жакта эжеси жана бир тууган иниси бар экенин билдирген.
width="476" height="476" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">