Royal
SerepTV Logo

Бишкекте жаңы спорт комплекси салынат

Бишкекте жаңы спорт комплекси салынат
Бүгүн, 26-мартта Кыргыз футбол биримдигинин спорт комплексинин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи өттү. Иш-чарага КФБге мүчөлүк кылган уюмдардын өкүлдөрү, биримдиктин кызматкерлери, ошондой эле, Азия футбол конфедерациясынын өкүлдөрү Йогеш Десай жана Рузбе Маяхи катышышты. Мезгил кутучадагы келечек муунга болгон кайрылуусун КФБ президенти Камчыбек Ташиев калтырды. КФБнын Спорт комплексинин курулушу Азия футбол конфедерациясынын «AFC Enhance Programme 2023: Stadium» өнүктүрүү программасынын жардамы менен башталды. «Өлкө башчыбыз Садыр Жапаров кэчээ күнү «2024–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Аталган жарлыктын чыгышы президентибиз жана мамлекетибиз тарабынан футболго спорттун бир түрү катары колдоосу күчөгөндүгүнөн кабар берет. Анда белгиленген максаттарды иш жүзүнө ашыруу өлкө футболун көзөмөлдөгөн башкы орган катары – Кыргыз футбол биримдигинин жана анын мүчөлөрүнүн түз милдети. Бул милдетти биргелешкен күч-аракеттер менен сөзсүз ишке ашырабыз! Президенттин жарлыгында дагы футболдун материалдык-техникалык базасынын өнүгүүсүнө басым жасалган. Башка футболдук уюмдарга үлгү болуу үчүн Кыргыз футбол биримдигинин башкы административдик кеңсеси жайгашкан территориалдык инфраструктурасы ар түрдүү объектилерди камтуусу зарыл. Андыктан, бул спорт комплекстин курулушу чоң мааниге ээ», - деп уюмдун президенти өз сөзүндө белгиледи. Комплекс Бишкектин футболдук борборунда жайгашып, анын жалпы аянты 3 012,44 чарчы метрди түзөт. Имаратта зал, машыгуу залы жана административдик бөлмөлөр жайгашат. Залдын жалпы сыйымдуулугу – 473 орун. Курулуш 2024-жылдын август айында аяктайт.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

target="_blank" rel="noopener noreferrer">Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kgz)

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

09:44 04.05.2026

Минкаб башчысы Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшүнө байланыштуу кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

10:03 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Баткенде сел: Тургундар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал киргизилди

05:16 03.05.2026

Минкаб башчысы Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшүнө байланыштуу кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

10:03 04.05.2026

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

09:44 04.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026