Abank
SerepTV Logo

Бишкекте изделип жаткан 12 жаштагы кыз табылды

Бишкекте изделип жаткан 12 жаштагы кыз табылды
Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан 12 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. 10-июль күнү шаар тургуну кызын табууга жардам сурап, Свердлов РИИБге кайрылган. Арызында 2010-жылы туулган кызы 10-июль күнү саат 20:00дө Бишкек шаарынын Уркуя Салиева көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/bishkekte-12-jashtagy-kyz-izdelyydo/">билдирген. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. 13-июлда ИИМ Академиясынын курсанттары мурда дайынсыз жоголгон кызды Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына жеткиришкен. Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат.