SerepTV Logo

Бишкектеги эки тилкедеги шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Бишкектеги эки тилкедеги шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды
Бишкек шаардык кеңешине көчмө добуш берүү өткөрүлгөн №1023 жана №1053 тилкелердеги жыйынтык жокко чыгарылды. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдиргендей, мындай чечим "Клооп" медиасынын байкоочуларынын мыйзам бузуулар тууралуу арызынын негизинде кабыл алынды. Буга чейин борбордо №1028, 1029, 1036, 1309, 1312, 1311 добушканалардагы көчмө шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан. Аймактык шайлоо комиссиясы 10-11-апрелде 30дан ашык арыз келгенин билдирди. 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга келе албаган жарандар 10-апрелде көчмө үкөктөр аркылуу добуш беришкен.
edita