Royal
SerepTV Logo

Бишкекте дарыгерлер кесарево учурунда келиндин ичегисин тешип алышкан

Бишкекте дарыгерлер кесарево учурунда келиндин ичегисин тешип алышкан

Кечээ, 30-июнда Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Улуттук хирургиялык борбордун ириңдүү-септикалык хирургия бөлүмүнө барышкан. Бул бөлүмгө Назгүл Өзкөнбаева аттуу жаран 29-июнда оор абалда жеткирилген.

Өзкөнбаеванын айтымында, 29-июнь күнү дене табы 40-42 градуска чейин көтөрүлүп, талма башталып, күйөөсү Тез жардам кызматын чакырып, аны жогоруда көрсөтүлгөн ооруканага алып кеткен. Борбордун дарыгерлери дене табы менен көпкө күрөшүп, анализ тапшыртып, алдын ала дарылоону башташкан. 30-июнда кезметчи дарыгер болгон, клиникалык диагноз али жок экендигин, анткени бардык анализдердин жыйынтыгы али алына электигин белгилеген.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Акыйкатчы аппаратынын кызматкери менен байланышканда, келиндин 4-төрөтканада кесарево жолу менен төрөгөнүн билдирди. "Келин 4-төрөтканада кесарево жолу менен төрөгөн, ошол учурда анын ичегисин жырып алышкан. Анан жаап коюшкан. Жабыркаган ичеги ириңдеп баштап, келин ооруй баштаган. Келин 2 жолу операция болуп, ичегиси кесип салынган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда келиндин 5 айлык баласы бар болгондуктан, жардамга муктаж болууда.