Бишкекте дайынсыз болуп жаткан жаран суудан изделип жатат
Бишкек шаарынын Свердлов районунда 10-июнь күнү үйүнөн чыгып кеткен жаран дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 6 куткаруучу Чоң Чүй каналынан жоголгон адамды издөөгө чыгышты.
Ал эми Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан 15 милиция кызматкери, 2 ыктыярчы кинолог, туугандарынан 10 адам издөөдө.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="287491,287492,287493,287494"]