Бишкекте дайынсыз болуп, изделип жаткан 11 жаштагы кыз табылды
Буга чейин дайынсыз болуп, изделип жаткан 11 жаштагы Алиана табылды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/bishkekte-11-jashtagy-aliana-2-kyndon-ber-daiynsyz-bolup-jatat/">билдиришти.
1-июль күнү Биринчи Май РИИБге кыздын атасы кайрылып, кызы дайынсыз болуп жатканын айтып, таап берүүнү сураган. Ал милиция тарабынан аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүп берилген.
Учурда окуянын бардык жагдайлары аныкталып жатат.