SerepTV Logo

Бишкекте бир апта ичинде 5,6 миң жол эрежесин бузуу аныкталды

Бишкекте бир апта ичинде 5,6 миң жол эрежесин бузуу аныкталды
Бишкек шаарында бир апта ичинде 5 миң 638 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Ага ылайык, 2-апрелден 8-апрелге чейин Бишкек шаарынын аймагында милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 5 миң 638 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Алардын ичинен: - Мас абалында унаа башкаруу - 67; - Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 11; - Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу - 99; - “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар унаалар - 110; - Башка жол эрежелерин бузуулар - 5351. - 427 унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.
Unknown Author