Royal
SerepTV Logo

Бишкекте айдоочуларга эскертүү катарында жол кырсыгынан кийинки унаалар көрсөтүлдү (видео)

Бишкекте айдоочуларга эскертүү катарында жол кырсыгынан кийинки унаалар көрсөтүлдү (видео)
Айдоочуларга жол кырсыгынан кийинки унаалар көрсөтүлдү. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Жыл башынан тартып, үч ай ичинде өлкө аймагында 1364 унаа кырсыгы катталып, 1965 жаран ар кандай жаракаттарды алышып, 99 жаран жол кырсыгынан көз жумган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу жалпы жол кырсыгы 8 пайызга, жаракат алгандар 7,6 пайызга, ал эми көз жумгандар 20,8 пайызга азайганы менен адам өмүрү орду толгус чоң трагедия. ИИМдин башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин сактоого, айдоо маданиятын калыптандырууга, айдоочуларга “Өмүр бир келээрин, аны жол кырсыксыз татыктуу өткөрүү керек” экендигин психологиялык аң сезимине жеткирүүгө үгүттөгөн “Адам жаны-аманат” аттуу акциясын өткөрүштү. Анда жүрөк ооруткан оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыгына кабылган унааларды эвакуаторлорго жүктөп, шаарды кыдыртып, айдоочуларга эгерде ылдамдыкты сактабаса, мас абалында унаа башкарса, жол чырактарга баш ийбесе, карама-каршы тилкелерге чыгып айдаса, автоээнбаштыктарды жасаса, жол эрежелерин так сактабаса жыйынтыгы мына ушундай жол кырсыктарына алып келээрин көрсөтүп, эскертишти.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

target="_blank" rel="noopener noreferrer">Публикация от ГУОБДД МВД КР (@guobdd_kg)

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

09:44 04.05.2026

Баткенде сел: Тургундар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал киргизилди

05:16 03.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Минкаб башчысы Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшүнө байланыштуу кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

10:03 04.05.2026

Минкаб башчысы Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшүнө байланыштуу кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

10:03 04.05.2026

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

09:44 04.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026