SerepTV Logo

Бишкекте 45 окуучудан коронавирус, бирөөнөн пневмония аныкталды

Бишкекте 45 окуучудан коронавирус, бирөөнөн пневмония аныкталды
Бүгүнкү күндө Бишкекте 45 окуучу коронавирус, бирөө пневмония менен ооруп жатат. Бул тууралуу Билим берүү башкармалыгынын билимди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, 21-апрелге карата алынган маалымат боюнча, Бишкекте жалпы 45 окуучудан коронавирус, бирөөнөн пневмония аныкталган. Мугалимдердин арасында 24 адамдан коронавирус, алтоосунан пневмония табылган. Бардыгы 3 746 окуучу, 38 мугалим курч респиратордук вирустук инфекция менен ооруп жатышат. Жалпы билим берүү уюмдарында 15 мектеп толугу менен онлайн окууга өттү. 14 мектепте 11 класс жабылды.
Unknown Author