Abank
SerepTV Logo

Бишкекте +37 градус. 16-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

Бишкекте +37 градус. 16-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 16-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +32…+37, Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38, Ысык-Көлдө түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29, Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30, Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +35…+37 градус болот.