Бишкекте 22 окуучу коронавирустан дарыланып жатат
8-апрель саат 16:00гө алынган маалымат боюнча Бишкекте 13 мугалим ооруп жатат. Бул туурасында Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Эльмира Иманалиева борбор калаа мектептериндеги эпидемиологиялык абал тууралуу өткөн түз эфир учурунда билдирди.
Анын айтымында, ооруп жаткан 13 мугалимдин 9унда коронавирус аныкталса, төртөө пневмонияга чалдыккан.
«Мектеп окуучулары арасында 22 баладан вирус аныкталган. Алардын 20сыныкы коронавирус, экөөнүкү пневмония. Ал эми курч респиратордук вирустук инфекция менен 3 миң 874 окуучу ооруп жатат. Офлайн режимде окуп жаткан класстардын арасынан 9 класс 14 күнгө аралыктан окутууга жөнөтүлдү. Алар Бишкектеги 6 мектептин окуучулары», - деди ал.