SerepTV Logo

Бишкекте 18 жаштагы Альбина Бапиева изделүүдө

Бишкекте 18 жаштагы Альбина Бапиева изделүүдө
Бишкек шаарында 18 жаштагы Альбина Бапиева изделип жатат. Бул тууралуу баш калаанын Октябрь РИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
Милицияга кызды таап берүүгө жардам сурап эжеси кайрылган. Анын айтымында, Альбина 8-апрелде, саат 8:00дөр чамасында 7-кичи райондо жашаган батиринен чыккан боюнча кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 165 сантиметр, арыкчырай, чачы ачык күрөң. Кызыл куртка, жинсы шым, кара түстөгү бут кийим кийип, кара рюкзак асынып жүргөн. Милиция Альбина Бапиева тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды (0553) 102-189, (0500) 09-99-00, (0312) 54-41-84 жана 102 номерине кабарлап коюуну өтүнөт.
Unknown Author