SerepTV Logo

16 жаштагы Назик Уланова изделип жатат

16 жаштагы Назик Уланова изделип жатат
Бишкекте 2005-жылы туулган Уланова Назик Улановна изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Назик 7-апрелде болжол менен саат 15:30 чамасында Фирсов көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес. Назиктин бою 160-165 см, чачы өтө узун эмес. Өзгөчө белгиси: оң бутунда күйүктөн калган так бар. Кийген кийими: кара кожа куртка, кара футболка, көк жынсы, ак спорттук бут кийим. Эгер Назик Уланованы көргөн-билгендер болсо, 0771 14-11-90, 0500 33-99-66, 0500 79-33-33 номурларына же “102” кызматына кабарласаңыздар болот.  
edita