Бишкекте 150 адам Баткендеги кагылышуудан жабыр тарткандар үчүн кан берди
Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан улам жаракат алып, Баткен облусундагы жана Бишкек шаарындагы ооруканаларга жаткырылган бейтаптар үчүн кан жетиштүү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Ошондой эле бардык каалоочулар кан борборлоруна барып, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыр тарткандар үчүн кан тапшыра алышат. Бүгүн, 30-апрелде Республикалык кан борборунда 150 киши Баткен облусундагы окуялардан жабыр тарткан жарандар үчүн кан беришти.
Бишкек шаарында кан тапшырууну каалаган жарандар Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү Республикалык кан борборуна кайрыла алышат. Жанында паспорт, айдоочулук күбөлүк же аскер билети болуусу шарт. Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарындагы кан борборлоруна да кайрылса болот.
Кан тапшыруунун алдында майлуу, куурулган жана сүттүү тамак-аш жебеш керек.