Abank
SerepTV Logo

Бишкекте 15 жаштагы кыз үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат

Бишкекте 15 жаштагы кыз үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат
Бишкекте милиция 2007-жылы туулган Адина Райканованы издеп жатат. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, ал 18-июлда болжол менен саат 17:00 чамасында Мурас-Ордо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес. Белгилери: бою 155-160 см, чачы кара, орто дене түзүлүштө. Кийген кийими: кызгылт узун юбка, кызгылт футболка, бутунда ак спорттук бут кийим. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0(700) 10-27-38, 0 (312) 56-32-48 номурларына чалсаңыздар болот.