SerepTV Logo

Бишкекте 15 жаштагы Айбийке Мамбеталиева изделүүдө

Бишкекте 15 жаштагы Айбийке Мамбеталиева изделүүдө
Бишкекте 15 жаштагы Айбийке Мамбеталиева изделүүдө. Бул тууралуу Сереп Медиага Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти. «8-апрелде кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылды. Анын айтымында, Айбийке 7-апрелде саат 10:30 чамасында Ак-Өргө конушундагы үйүнөн чыгып, ошол боюнча келген эмес. Учурда анын каякта экени белгисиз», — дешти ИИБден. Изделип жаткан кыздын белгилери: бою 145-150 сантиметр, толук денелүү, узун сары чачтуу, көздөрү жашыл. Кийген кийими: жазгы кара куртка, кара шым, кара туфли, жанында рюкзагы бар. Көргөн-билгендер болсо, төмөнкү номерлерге чалууну суранышат:  0312352605, 0312444457, 0312352632, 0553102880, 0703401600, 0707304753 жана 102. [gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="35959,35960"]

Unknown Author