Royal
SerepTV Logo

Бишкекте 12 жаштагы кыз изделүүдө

Бишкекте 12 жаштагы кыз изделүүдө
Бишкекте 12 жаштагы Арууке Өмүрова изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 10-июль күнү шаар тургуну кызын табууга жардам сурап, Свердлов РИИБиге кайрылган. Арызында 2010-жылы туулган кызы Арууке Өмүрова 10-июль күнү саат 20:00дө Бишкек шаарынын Уркуя Салиева көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген. Белгилер: бою болжолдуу 160-160 сантиметр. Кийими: көк түстүү көйнөк, кара түстөгү кроссовки. Байланыш номерлери: 0 557 119410, 0701 282809, 0702 498888 жана 102.