“Бишкек суу канал” муздак сууга болгон тарифти кайра карап чыгуу керектигин айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева “Бишкек суу канал” ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жамааты менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын эксплуатациялоо департаментинин милдеттерин жана көйгөйлөрүн талкуулашкан. Эмгек жамаатынын өкүлдөрү калктын ичүүчү сууну сарамжалдуу эмес пайдалануу көйгөйүн айтып, калктан карызды өндүрүүнүн эффективдүү системасынын программасын иштеп чыгууну суранышкан. Электр энергиясына, күйүүчү-майлоочу майга болгон тарифтердин кымбатташына, суу менен камсыздоо жана канализация тармагындагы иштерге керектелүүчү материалдарга жана жабдууларга болгон баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу маселелер талкууланды. Ушуга байланыштуу сууга жана саркынды сууларга тарифтер өздүк наркынан төмөн болуп, ишкана жоготууга учурап жатканы айтылган.
"Бүгүнкү күндө суу түтүк жана канализация тармактарынын эскириши 70 пайызды түзөт. Эскирген инженердик тармактарды алмаштыруу үчүн тарифтик саясатты кайра карап чыгуу зарыл", - деп айтылат маалыматта.