Бишкек ШИИББ жетекчиси: "Мен отставкага кетпейм. Бул ишти аягына чыгарышым керек"
Мен бул кылмышты изилдөөнү аягына чыгарышым керек. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Матмусаев бүгүн, 8-апрелде маалымат жыйын учурунда билдирди.
Бишкек ШИИББ жетекчисине журналисттер "Айзаданы тирүү алып кала албаган үчүн кечирим сурадыңыз. Бирок ушуга жол бергениңиз үчүн отставкага кетесизби?» деген суроо узатышты.
«Мен кызматтан кетпейм. Бул ишти аягына чыгарышым керек», - деди Бишкек ШИИББ жетекчиси Бакыт Матмусаев.