SerepTV Logo

Бишкек ШИИББ жетекчиси: "Айзаданы тирүү алып кала албаганыбыз үчүн кечирим сурайм"

Бишкек ШИИББ жетекчиси: "Айзаданы тирүү алып кала албаганыбыз үчүн кечирим сурайм"
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги  Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Алардын айтымында, кыздын жоголгону тууралуу маалымат милицияга түшөр менен бир мүнөт да издөө иштери токтотулган эмес. «Айзаданын өлүмүн ата катары, ИИМ кызматкери катары жан дүйнөм эзилүү менен кабыл алдым. Кыздын ата-энесинен, жакындарынан Айзаданы тирүү алып кала албаганыбыз үчүн Бишкек ШИИББ жетекчиси катары кечирим сурайм. Мен сөз берем, күнөөлүүлөр өз жазасын тартат. Баарыбызда кыз бар. Ала качууну мен өтө оор кылмыш деп эсептейм», - деди Бишкек ШИИББ жетекчиси Бакыт Матмусаев.  5-апрелдин таңында Бишкектин чок ортосунан 3 бала күчтөп унаага салып кеткен кыздын сөөгү кечээ, 7-апрелде Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаадан табылган. Шаардык милициядан кызды уурдап кеткен 36 жаштагы жаран алгач аны муунтуп өлтүрүп, кийин өзүнө бычак менен кол салганын билдиришти. Экөөнүн унаанын ичинде жаткан сөөгүн жергиликтүү малчы көрүп калып, милицияга кабарлаган. Бүгүн ИИМ имаратынын алдында саат 12:00дө жарандык активисттер ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу министрдин отставкасын талап кылып, митинг уюштурушат.
Unknown Author