Abank
SerepTV Logo

Бишкек шаары дүйнөдөгү эң арзан шаарлардын катарына кирди

Бишкек шаары дүйнөдөгү эң арзан шаарлардын катарына кирди
Бишкек шаары дүйнөдөгү эң арзан шаарлардын тизмесине кирди. Тизме Cost of Living City Ranking рейтинг жүргүзүүчү сайтка чыккан. Рейтинг дүйнөдөгү шаарлардын коомдук транспорт, кийим-кече, тамак-аш, жаткан турак жайдын ижарасы, көнүл ачуучу жайлар сыяктуу 200дөн ашык тейлөө кызматынын бааларын салыштыруунун жыйынтыгында аныкталган. Сайтта жалпы 227 шаардын тизмеси берилген. Тизмеде эң кымбат шаар катары Гонконг көрсөтүлсө, Анкара эң арзан деп бааланган. Ал эми Бишкек шаары Анкарадан бир тепкич өйдөрөөк, 226-тизмеде көрсөтүлгөн.