SerepTV Logo

Бишкек-Ош унаа жолунун прицеп тороп калган бөлүгү ачылды

Бишкек-Ош унаа жолунун прицеп тороп калган бөлүгү ачылды
Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унаанын прицеби үзүлүп кетип, жолдун бир каттамын тосуп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, 11-апрель күнү саат 07:55 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 126-чакырымында Төө-Ашуу ашуусу  Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын прицеби үзүлүп, жолдун бир каттамын тосуп калган. Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2 куткаруучусу Урал унаасы менен жана №9 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылып прицепти жолдун четине чыгарышып, саат 11:10до жол эки тараптуу ачылган.
Unknown Author