Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда сел жүрүп, жолго таш кулады
Кечээ, 9-июль күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 245–262-264-чакырымдар аралыгында сел жүрүп, жолго таштар кулаган.
Транспорт министрлиги тоо боорунан түшкөн таштар тазаланганын билдиришти. "Аталган тилкеде № 955 Жол тейлөө ишканасы тарабынан ыкчам тазалоо иштери жүргүзүлдү. Жерине бир даана погрузчик жана автогрейдер техникасы тартылган. Учурда каттам бар, жол ачык",- деп айтылат маалыматта.